Бишкекте жол эрежесин одоно бузган той кортеждеринин 6 унаасына протокол түзүлдү

Бишкекте жол эрежесин одоно бузган той кортеждеринин 6 унаасы табылып, тийиштүү протоколдор толтурулду. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бир нече күн мурун жол эрежесин одоно бузган той кортеждеринин видеосу социалдык тармактарга тараган. "Бирок милициянын кайгуул кызматкерлери видео чыга электе эле ыкчам таап, тиешелүү чара көрүү иштерин жүргүзгөн. Бүгүнкү күндө видеого чыккан той кортеждеринин Mercedes-Benz, Toyota Camry, Volkswagen жана башка жалпы 6 унаасы изделип табылып, бузуулар тууралуу кодексинин тийиштүү беренелеринин негизинде протоколдор толтурулуп айдоочуларга карата түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү", - деп билдиришти кайгуул кызматынан.

Бишкекте жол эрежесин одоно бузган той кортеждеринин 6 унаасына протокол түзүлдү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан