Ысык-Көлдө 2 жашар кызын сабап өлтүргөн ата-энеге кылмыш иши козголду

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун тургундары эки жашар кызын каза болгуча сабашкан. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады. 3-октябрда 2 жашар кызы шымын "булгап" койгондугу үчүн аны өз энеси менен өгөй атасы сабашкан. Окуядан кийин алар Ак-Суу райондук ооруканасына кайрылышты. Ооруканага ата-энесинен токмок жеген кичине кыз эс-учун билбеген жана сөөктөрү бир нече жеринен сынган абалда түшкөн. 2 жаштагы кыз эсине келбестен көз жумду. Ошол эле күнү кыздын энеси жана өгөй атасы кармалып, аларга кылмыш иши козголду. Энеси кош бойлуу экенине байланыштуу үй камагында, ал эми өгөй атасы Каракол шаарында СИЗОдо жатат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (35)
Savai80
2013-10-15 19:23:26
бир шундуктуу эле иштер болуп жатат го тооба
+1
Lili
2013-10-15 20:01:22
убалы урсун. улуттары кыргыз эмес деген ишеничтемин
+1
Lumia-800
2013-10-15 20:24:02
Lili, шашылып атынды ката жазганым учун кечир!
0
Lumia-800
2013-10-15 20:22:35
Kili айтууга уяттуу,бирок кыргыздар кээде мынданда жаман иш кылып жатышатго.
Оюмча багы ичкилик болсо керек себеби.
+1
Lili
2013-10-15 23:50:11
Lumia-800, мумкун, мен озумду алдап жаткандырмын, бирок кыргыздар деле ыймандан тайды, бир эле себеп: торт кун мурун, Москвада оз баласын (1,5 айлык) таштап качкан кызды кармашты)))
0
azamat85
2013-10-15 21:17:21
айбандар! Кыргызстанда уголовный кодекске жакшы озгортуулорду киргизбесе жашаш аябай кооптуу болуп калды
0
tynara81
2013-10-15 21:22:07
Булар же мас, же кыргыз эмес, же акылы кирди чыкты жинди немелер. Байкуш наристе ай.
0
laim-limon
2013-10-15 21:54:40
Менин келинчегим кызым кийимин булгап койсо суюнуп тазалап койот а жини келген нары турсун.
0
nurizka..
2013-10-15 22:50:45
кантип оз канынан жаралган баласына колу барды урганга апасынын а атасына барибирда огой экен акмактар десе.....
0
hanzada_samatova
2013-10-15 23:34:28
Кудай жазаласын адам эмес булар, астагфираллах!
0
Chtc
2013-10-16 00:18:08
Акыл-эстери жайында эмес булардын.
0
almazbekovna
2013-10-16 00:38:15
Enesi kosh boyluu bolgon bolso, torogondon kiyin any da kyzynday kylyp sabaw kerek! Oz balasyn anchalyk sabashka kantip kolu bardy eken? A ogoy atasyna aytaarym jok!
0
future_kg
2013-10-16 06:58:08
Соз жок!!!!!!
0
kg_07
2013-10-16 07:25:53
Toboo kolu butu wal bolup omur boiu towogunordu bulgap jatkila!
0
zarifa_love
2013-10-16 08:32:24
мас болсо адам баарын кылат ,же жин кирген адамдар го чамасы
0
asyl81
2013-10-16 09:14:12
акмактар, башка соз жок буларга.
0
asyl81
2013-10-16 09:14:12
акмактар, башка соз жок буларга.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан