Буга чейин SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" рубрикасына Чүй облусунун Москва районунун тургуну кайрылып, "Беловодский айылындагы базардын жанындагы адамдар өтчү тротуарда темир кудук бир жылдан бери ачык турат. Бул адамдар үчүн коркунучтуу да. Жергиликтүү бийлик укпай койду", - деген.
Бул маселе тууралуу Москва райондук мамлекеттик администрациясына кайрылганыбызда темир кудукту убактылуу бетон менен жаап турушканын айтты.
"Сүрөттө көрсөтүлгөн тротуардагы кудукту Бишкек-Кара-Балта жолу курулуп жатканына байланыштуу оңдоого мүмкүнчүлүк жок болууда. Анткени жолду реабилитация кылып жаткан кытайлык компания азырынча оңдобой туруубузду суранды. Жол курулуп бүткөндөн кийин кудук бийигирээк көтөрүлүшү мүмкүн. Убактылуу бетон менен жаап турдук", - дешти тиешелүү мекемеден.