Америкалык UFC мушкери Тони Фергюсон Хабиб Нурмагомедовго өзүнүн Инстаграм баракчасы аркылуу кайрылуу жасады.
Ал Хабиб Нурмагомедов менен болгон UFC мелдешиндеги ийгиликсиз мушташына чейин жолуккан учурлардагы видеосун жарыялап, "жакында көрүшөбүз" деп жазган.
Буга чейин, Тони Фергюсондун ушул жылдын май айында октагонго кайтып келери белгилүү болгон.
Фергюсон UFC'деги акыркы эки беттешинде жеңилүү ызасын тарткан. 2020-жылы 10-май күнү АКШнын Жексонвилл шаарында өткөн UFC 249 турниринде ал Жастин Гейтжинин олуттуу соккуларына туруштук бере албай, техникалык нокаут менен жеңилип калган. Ошондой эле өткөн жылдын декабрь айында америкалык Чарльз Оливейрага утулуп калган. Бул анын Жастин Гейтжиден техникалык нокаут менен утулгандан кийинки алгачкы беттешке чыгышы болчу.