
Буга чейин кызматынан бошотулган Бишкек шаарынын вице-мэри Аскер прокуратурасы тарабынан кармалды. Маалыматты Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Андагы маалыматта айтылгандай, мыйзамсыз баюу жана Бишкек шаарындагы жер тилкелерин берүүдөгү коррупция фактысы боюнча тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.
"Жүргүзүлүп жаткан кылмыш ишинин алкагында, УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысы А.Ж. жана Бишкек шаарынын мурдагы вице-мэри А.А. кармалды. Тергөөнүн жүрүшүндө чиновниктер кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, айрым кызмат адамдары жана аффилирленген адамдар менен тил табышып, мыйзамсыз баюу максатында Бишкек мэриясынын жана анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн жооптуу кызматкерлерине кысым көрсөтүп, жер тилкелерин мыйзамсыз жол менен каттоого аргасыз кылгандыгы аныкталды.
Учурда тергөө иштери улантылып, бул ишке катыштыгы бар адамдарды аныктоо иштери жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.