Комузчу Айсаана Оморованын сүйүктүүсү колун сурады

"Ордо сахна" этно-фольклордук театрынын мурунку ырчысы, "Мурас" фольклордук ансамблинин солисти, комузчу Айсаана Оморова турмушка чыгат. Сүйүктүүсү колун сураганын, ал макулдугун бергенин комузчу социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Буга чейин алардын ата-энелери сүйлөшүп, той июнь айына белгиленгени маалым болгон.

Айсаана Оморова 1997-жылы 2-июнда Чүй облусунун Кант шаарында төрөлгөн. 6 жашында комуз чертип, Кенже Кубатова менен Зайнидин Иманалиев жетектеген "Жаш тилек" ансамблинде окуган. 2012-жылы "Устат-шакирт" долбооруна келип, ооз комуз, жыгач комуз черткенди үйрөнгөн. Андан кийин "Ордо сахнага" келип, ал жакта 5 жылдай иштеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан