2000 килограмм мандарин, темир. Баткенге мыйзамсыз ташылып келе жаткан жүктөргө бөгөт коюлду

Баткен облусуна мыйзамсыз ташылып келе жаткан жүктөргө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун аймагында чек ара кызматкерлери кызмат өтөп жатып, Hyundai-Porter унаасын текшерүү үчүн токтоткон. Анда 1983-жылы туулган Тажик жараны Кыргыз өлкөсүнө 2 миң 500 грамм темирди мыйзамсыз алып келе жатканы аныкталган.

"Ошол эле күнү аталган облустун Кожом-Булак аймагынан дагы бир унааны текшергенде, 2001-жылы туулган Кыргыз жараны тийиштүү документтери жок 2 миң килограмм мандарин алып келе жатканы аныкталган. Жарандар жана жүктөр кошумча иликтөө үчүн тийиштүү органдардын кызматкерлерине өткөрүп берилди", - деп жазылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ali-han
2021-04-01 10:51:41
Ушинтип ворухтан откон груздардын баарын кармаш керек!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан