Дүкөндү тоноо үчүн бычак, мык суургуч алып келген. Бишкекте тоноого шектүү жаран кармалды

Бишкек шаарында дүкөндү тоноого аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин күзөт кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 27-мартта саат 05:02 чамасында милиция бөлүмүнө Абдрахманов көчөсүндө жайгашкан дүкөндөн чакыруу келип түшкөн.

"Саат 05:06да кармоо тобу чакыруу келген жерге жетип барышкан. Дүкөндүн сыртынан кароо учурунда эшигинин сырткы темирлери ийилип, үндөр чыгып жатканын байкашкан. Ичинен 30-35 жаштагы жаран качууга аракет кылганда, милиция кызматкерлери кармап Свердлов РИИБине жеткиришкен. Тактоо иштери жүргүзүлгөн соң кылмышка шектүү Ош шаарында 1990-жылы туулган жаран экендиги аныкталган. Ал дүкөндү тоноого атайын бычак, мык суургуч алып даярданып келген", - деп билдиришти ИИМдин маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан