ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгү өз өлкөсүндө укук коргоо органдары тарабынан ар кандай жасаган кылмыш иштери үчүн изделип, Орусияда жашырынып жүргөн кылмышка шектүү адамдарды издөө жана кармоо боюнча иштерди улантууда. Бул тууралууу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Өлкөдө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн шектүү Москва шаарында кармалды. Ал 1993-жылы Жалал-Абад облусунда туулган. Шектүү Таш-Көмүр шаарында "ден соолукка зыян келтирүү" беренеси менен издөөдө жүргөн. Ал 2020-жылы күзүндө Жалал-Абад облусунун калктуу конуштарынын биринде башка белгисиз жарандар менен биргеликте жергиликтүү тургунду эч себеби жок сабап, денесине зыян келтирген. Андан кийин качып кеткен. Тергөөдө кармалган жарандын дагы башка кылмышка тиешеси бар экендиги аныкталды", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.