"Алдыңкы окуучу болгон". Аксыда 7-класстын окуучусу төрөдү

Аксы районуна караштуу Кара-Суу айыл аймагында 7-класстын окуучусу төрөдү. Бул маалыматты Аксы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Талант Эмилбек уулу тастыктады.

"Окуучу кыз таңкы саат 04:00дө ооруканага келип төрөгөн. Ал мектебиндеги эң алдыңкы окуучулардын бири болгон. Буга чейин сабактарга калбай келип, ар кандай маданий иш-чараларга катышып жүргөн. Бул боюнча азыр тиешелүү органдар териштирүү иштерин жүргүзүп жатат", - дейт Эмилбек уулу.

Ошондой эле аталган айылдын айыл өкмөтү Дөөлөт Миңбаев дагы маалыматты ырастады.

"Райондук оорукананын төрөт бөлүмүндө көз жарыптыр. Кыздын атасы намаз окуган, ыймандуу киши. Бул үй-бүлөнүн буга чейин эч кандай ызы-чуусун уккан эмеспиз. Толук кандуу үй-бүлө десек болот. Дагы маалыматтар такталууда", - дейт Миңбаев.

Ырчы Марс сүйүктүүсүнүн колун сурады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Belek1710
2021-04-01 14:56:00
Уят эле.
-5
JaneEr
2021-04-01 14:57:05
Каап,жаш кызды алдаптырда бир наадан(((
+15
portugalia
2021-04-01 15:11:25
Байкуш кыз,озу наристе болуп туруп
+12
Ozgocho111
2021-04-01 18:40:59
Энеси кандай билбейт, тообо
+1
ninja82
2021-04-02 17:08:24
баланы атасын таап,алып барып бериш керек.тооба кылдым,Кудай озу сактасын,биздеда кыз бар,бала бар. копчулугубуз мигрантбыз,балдарыбыз чон ата,энесинде же,тайата,тайэнесине.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан