Бишкекте түн ичинде аял кишинин телефонун жана акчасын уурдап кеткенге шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Бүгүн, 1-апрелге караган түнү болжол менен саат 02:10 чамасында Бишкек ШИИББинин 102 кызматына Салиева жана жана Алма-Ата көчөлөрүнүн кесилишинен уюлдук телефон уурдап кетишти деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке ошол замат милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда, 1984-жылы туулган А.А. аттуу аял киши арыз менен кайрылган.
Ал ошол даректе жайгашкан кафелердин биринен белгисиз жарандар арыз ээсинин уюлдук телефонун жана 3 миң сом акчасын жашыруун уурдап кетишкенин айткан. Шектүүнү ыкчам кармоо иш-чараларында шектүү катары 1998-жылы жана 1992-жылы туулган жарандар кармалып, Свердлов РИИБинин тергөө кызматына өткөрүп беришкен.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.