Оштон уурдалган унаа Ала-Бука районунан табылды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Ош ШИИБинин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери 31-март күнү Ала-Бука районунан шектүүнү кармашты.
Маалыматка ылайык, 29-март күнү Ош шаарынын тургуну арыз менен кайрылып, 28-марттан 29-мартка караган түнү Ош шаарынын Күкүм-Бий көчөсүндө токтоп турган жеринен белгисиз жарандар ВАЗ-2107 үлгүсүндөгү унаасын уурдап кеткендигин билдирген.
"Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Натыйжада алынган ыкчам маалыматтардын негизинде, шектүү Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунан кармалды. Ал 1993-жылы туулган Ош шаарынын тургуну К. у. А болгон.
Шектүү унааны сатууга үлгүрбөй калган. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, уурдалган унаа ээсине кайтарылып берилди", - деп жазылат маалыматта.