Жогорку Кеңештин депутаты Марат Аманкулов мамлекетке келтирген 50 миллион сом өлчөмүндөгү зыяндын ордун толтурду. Маалыматты УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүдө айтылгандай, мыйзамсыз баюу фактысынын негизинде катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында депутат Марат Аманкулов 50 миллион сом өлчөмүндөгү зыянды УКМКнын депозиттик эсебине которду. Ал эми зыяндын калган бөлүгүн келтирилген зыяндын көлөмү так аныкталгандан кийин этап-этабы менен төлөйт.
"Марат Аманкулов кызматта турганда мыйзамсыз баюуга, тиешелүү салык төлөмдөрүн төлөбөй коюуга шектелген. Ошондой эле анын жакын туугандары жана аффилирленген адамдары тарабынан кымбат баалуу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү алышкандыгы, алардын жалпы баасы расмий кирешелеринен иш жүзүндөгү көрсөткүчтөн бир нече эсе ашыкча экендиги аныкталган.
Кылмыш жолу менен алынган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктүн белгилерин жашыруу максатында активдердин кирешелерин расмий тастыкталбаган жакын туугандарына каттаткан. Мүлктү легалдаштыруу максатында банк мекемелеринде кредиттик насыя алуу жолу менен активдерди жакын туугандарына каттаганы аныкталган. Марат Аманкулов 2008-2020-жылдар аралыгында өзүнүн саясий таасиринен жана Бишкек шаардык кеңешиндеги абалынан пайдаланып активдерин кыйла көбөйткөн деп болжолдонууда", - деп айтылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, буга чейин УКМК Жогорку Кеңештин депутаты мыйзамсыз байыганын маалымдаган. Анда депутатка соода жана көңүл ачуу комплекси, Бишкек шаарынын жана Ысык-Көл облусунун аймагында жайгашкан 14 жер тилкеси, 3 кеңсе жана 4 турак жай, 5 батир, "Каприз" борборундагы коттедж, 3 хан сарай, ошондой эле жогорку өкүлдүк класстагы 5 аткаруучу унаа таандык экени айтылат.
Бул активдердин жалпы орточо базар баасы 1 миллиард 500 миллион сомдон ашык болгонун УКМК кабарлаган.
Ал депутаттык мандатын тапшырганы бүгүн, 1-апрелде маалым болду.