Чолпон Талипбектин "Сүйөм дедиң" видеоклиби "Супер хитке" кошулду. Сүйүктүү чыгармаңызга добуш бериңиз

SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар аптанын жеңүүчүсү аныкталат.

Аптанын бейшемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.

Бул аптада эң аз добушка ээ болгон чыгарманын ордуна Чолпон Талипбектин "Сүйөм дедиң" клиби кошулду.

25-МАРТТАН 1-АПРЕЛГЕ ЧЕЙИНКИ ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫ:

10-орун - Тата Уландын "Келатат жаштар" композициясы эң аз добуш топтоду.

9-орун - Айгерим Расул кызынын "Роза" видеоклибине буюрду.

8-орунга - Кубаныч Баркалбасовдун "Атанын кадырын билеличи" ыры жайгашты.

7-орунду - Сагын Эргешовдун "Жүрөгүмө жашап алдыңбы" чыгармасы камсыздады.

6-орунду - Айганыш Абдиеванын "Жүрөгүңүздө ким бар?" клиби ээледи.

5-орунга - Темир Назаровдун "Ойно, ойно" видеокомпозициясы жайгашты.

4-орунду - Кызсайкалдын "Атыңыз жашайт жүрөктө" клиби камсыздады.

3-орун - Мирбек Атабековдун "Сүрдөтпөчү" чыгармасы алдыңкы үчтүктөн орун алды.

2-орун - Эрлан Андашевдин "Ыйлаба" видеоклибине буюрду.

1-орун - Өткөн аптада тизмеге жаңыдан кошулган Айя Садырованын "Суктанам" ыры эң көп добушка ээ болуп, жеңүүчү аталды.

Сүйүктүү видеоклибиңизге добуш берүү үчүн шилтеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
zhazgul98
2021-04-01 20:58:36
Красавица
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан