MMA мушкери атаандашын 13 секундда нокаутка учуратып, рекорд койду. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, швециялык MMA мушкери Антон Туркаль Brave Combat Federation турниринде казакстандык мушкер Константин Солдатов менен беттешке чыккан. Беттештин жүрүшүндө щвециялык мушкер атаандашын 13 секундда нокаутка учуратып, күрөштү мөөнөтүнөн мурда аяктады. Мушкер эң тез нокаут менен жеңишке жеткен.