Ошто 52 жаштагы аялды жылаңач денеңди видеого тартып алдым деп коркутуп, акча талап кылган жаран кармалды

Ош облусунда аял кишиден опузалап акча талап кылганга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 31-март күнү Ош ОИИБине Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагынан 1969-жылы туулган аял киши кайрылган. Арызда 26-март күнү чала таанышы аялды жылаңач видеого тартып алдым, 3 миң доллар бербесең интернетке чыгарам деп коркутканы жазылган. Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, ыкчам иш-чаралар жүргүзүлө баштаган.

"31-март күнү жабырлануучуга шектүү байланышып "Ош шаарынан жолугабыз, ошол жерден акчаны бересиң" деп талап койгон. Ош ОИИБинин атайын операциялар отрядынын жоокерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн операциянын натыйжасында, шектүү аялдан 20 миң сом алып жаткан учурда кармалган. Шектүү Өзбекстан Республикасынын Андижан облусунун Коргон шаарынын тургуну, мурда бир нече жолу соттолгон, 39 жаштагы Р. С.

Жогорудагы кылмыш иши боюнча далил буюмдар катары акча алынып, тийиштүү экспертиза дайындалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Ошто 52 жаштагы аялды жылаңач денеңди видеого тартып алдым деп коркутуп, акча талап кылган жаран кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ninja82
2021-04-02 08:44:39
жыланач денесин корсоткон кыргызбы же туугандарданбы? башка мамлекеттен келген туугандарга,деги эле жат эркекке денесин корсоткон баардык мусулман аялдарына Аллахым ыйман,нысап берсин!
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан