Ново-Покровка айылында өрттөн 3 жашар кыз жаракат алды
Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Ново-Покровка айылындагы үйлөрдүн биринен өрт чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Кырсыктан 2010-жылы туулган кыз жаракат алып, бети күйүккө кабылды. Учурда ал ооруканада. Өрттүн келип чыгуу себептери жана чыгымы такталууда.