Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
2020-жылдын 16-февралында шаар тургуну Ленин РИИБине кайрылган. Анда 2019-жылдын 15-октябрында чала таанышы Кытайдан товар алып келип берем деген шылтоо менен анын 20 миң долларын алдамчылык жолу менен ээлеп алганы жазылган. Андан кийин убадасын аткарбай белгисиз тарапка качып кеткен.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө, шектүү катары 1980-жылы туулган жаран кармалып, тергөө иштери башталган. Ленин райондук соту шектүүнүн баш коргоо чарасын карап чыгып, СИЗО-1ге бир айга камакка алган. Учурда шектүүнүн ушул сыяктуу башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жогу териштирилүүдө.