Чачынан сүйрөп сабаган. Чүйдө 50 жаштагы кызыл камчы күйөө жазадан бошотулду

Чүй облусунун Панфилов районунда 50 жаштагы жаран аялын сабап, зомбулук көрсөтүп жүргөн. Сот кызыл камчы күйөөгө карата өкүм чыгарды. Бул тууралуу Жогор Соттун расмий сайтында айтылат.

Окуянын чоо-жайы:

Окуя 2020-жылдын 11-март күнү болгон. Анда Панфилов айылындагы үйлөрдүн биринде өзүнүн жубайын оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, чачынан сүйрөп сабап, зомбулук көрсөтүп, жабырлануучунун укуктарын жана эркиндиктерин бузган. Ал мындай жорукту биринчи жолу эмес, бир нече жолу жасаган деп айыпталат. Айыпталуучуга карата "үй-бүлөлүк зомбулук, үй-бүлө мүчөлөрүнүн бирине дене-бойлук же психикалык зыян келтирүү" деп кылмыш иши козголгон. Ал бул кылмышты атайылап жасаган деп бааланат.

Айыпталуучу 1971-жылы Ош облусунун Ноокат районунда туулган, улуту кыргыз, билими орто, үй-бүлөлүү, убактылуу эч жерде иштебейт, мурда соттолгон эмес, туруктуу жашаган жери Чүй облусунун Панфилов району.

Соттук отурумда жабырлануучу күйөөсүнө эч кандай доосу жок экенин билдирет

"Жолдошума карата эч кандай моралдык жана материалдык доом жок, ага карата айыптоону колдоодон баш тартам. Мен күйөөм менен жарашканыма байланыштуу жазык ишин өндүрүштөн кыскартып берүүңүздөрдү суранам", - деп билдирген ал өз көрсөтмөсүндө.

Айыпталуучу күнөөсүн моюнга алган

"Мен күнөөмдү моюнга алам жана бардык тараптан кечирим сурайм. Биз жубайым экөөбүз жарашканыбызга байланыштуу анын сотко келтирген өтүнүчүн толугу менен колдойм", - деп билдирген ал.

Сот келтирилген өтүнүчтү угуп, сот отурумунун катышуучуларынын ойлорун билип, жыйынтыкка келген. Иш тараптардын жарашуусуна байланыштуу өндүрүштөн кыскартылсын. Күнөөлүү жазадан бошотулсун.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан