Кечээ, 1-апрель Күлкү күнүнө карата социалдык тармактарда ар кандай тамашалар жарыяланып, ишенгени да, ишенбегени да болду. Эң эле талкуу жаратып, айрымдардын ишеничин жараткан тамаша шоу-бизнестин айрым өкүлдөрүнүкү болду.
Алсак, учурда Орусияда концерттик турне менен жүргөн ырчы Нурмат Садыров алып баруучу Айзада Жамгырчиеванын колун сурады. Алар кыска видеолор, сүрөттөрү менен бөлүшүп, окурмандардын ишеничин жаратууга күн бою аракет кылышты. 2-апрелге караган түнү алар бул алдын ала даярдалган тамаша экенин айтышты.
"Аябай көп куттуктоо келип жатат, буюрса ал күн дагы келет деген үмүттөбүз. Бирок экөөбүз чыныгы сахнадагы достордонбуз. Концерттин алдында экөөбүз сүйлөшүп алганбыз. Биздин тамашаны жүрөгүңүздөргө жакын кабыл алсаңыздар кечирим сурайбыз", - дешет алар.
Ал эми ырчы Анжелика президенттик аппараттын басма сөз катчысы болуп дайындалды деген тамаша кызуу талкууну жаратты. Бул тамаша жайылгандан кийин Анжелика: "Бирок мен бул кызматтан баш тарттым.
Себеби көздөгөн максатым бирөө гана. "Биздин Эл" саясий партиясы менен биргеликте жетебиз", - деген жооп жазган.
Ал арада Бишкек шаарынын мурдагы мэри Нариман Түлеев Жогорку Соттун төрагасы болду дешсе, Нурлан Мотуев министрлик кызматка дайындалды деген тамашалар жайылды.