Темир менен далыга сайган. Нарында мурда соттолгон жаран адам өлтүрүүгө шектелүүдө

Нарында мурда соттолгон жаран адам өлтүрүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

2021-жылдын 28-март күнү Нарын ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө кечки саат 21:40 чамасында билдирүү келип түшкөн. Билдирүүдө белгисиз жаран Нарын шаарында аны бычак менен сайып кеткендигин айткан.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган учурда, Нарын шаарынын Көлбай дүкөнүнүн маңдайынан шаар тургундары арак ичип отурган кезде мурда кылмыш жообуна тартылган 1987-жылы туулган жаран аларга жолуккан. Ортодо пикир келишпестик чыгып, натыйжада ал Р.Д. аттуу жаранды темир менен сол жак далысына сайып жиберген.

Андан ары ал качып кеткен. Жабырлануучунун жанындагы жаран "Тез жардам" кызматын чакырган.

Жабырлануучу Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Бирок ал эсине келбей каза болуп калган. Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан