Жалпы баасы 2 миллион 947 миң сомдон ашык. Баткенде мыйзамсыз ташылып келе жаткан жүктөргө бөгөт коюлду

Баткен облусунда мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы баасы 2 миллион 947 миң сомдон ашык болгон жүктөргө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 1-апрелде Кыргыз-Тажик чек арасында кызмат өтөп жаткан чек ара кызматкерлери Hyundai Porter унаасын текшерүү үчүн токтотушкан. Анда 1982-жылы туулган Кыргыз жараны Тажикстанга мыйзамсыз түрдө 1 тонна күйүүчү май (дизель) алып бара жатканы аныкталган.

"Мындан сырткары ошол эле күнү Кадамжай районундагы Шар-Шара аймагында чек ара кызматкерлери тарабынан Кыргыз жаранынын унаасы текшерүүгө алынган. Ал унаасы менен Кыргыз өлкөсүнөн Өзбекстанга баасы 400 миң сом болгон товарды аткезчилик жол менен алып бара жатканы белгилүү болгон. Жүктөр 150 килограмм таттуу, 180 чач кургатуучу фен, 60 чач жасалга үчүн буюмдар жана 900 даана аялдардын колготкиси болгон.

Ошондой эле 2-апрелге караган түнү чек ара кызматкерлери Өзбекстанга баасы 2 миллион 500 миң сом турган товарды алып бара жаткан Кыргыз жана Өзбек жарандары аныкталган. Анда кийим-кече жана ар кандай майда-барат жүктөр болгон. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, алынган контрабандалык товарлардын жалпы наркы 2 миллион 947 миң сомдон ашкан", - деп жазылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aibek_eka
2021-04-02 12:01:39
Азаматсынар баарын кармагыла
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан