Чүй облусунун Кант шаарында жайгашкан "Кант асфальт заводунда" чайыр эритүүчү чуңкурга эркек киши түшүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, чуңкурга 1970-жылы туулган М.В. аттуу эркек киши түшүп кеткен.
Жерине Ысык-Ата райондук куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылып, маркумдун жансыз денесин алып чыгып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.