1-апрелде Москва шаарында КМШнын тышкы иштер министрлеринин кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин менен жолугушту.
Эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун башчыларынын өткөн жолугушуусу Кыргыз-Тажик өз ара аракеттенүүсүнүн жалпы спектрин активдештирүү боюнча чараларды көрүүгө багытталган тараптардын ортосундагы диалогдун логикалык уландысы болгон.
Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Анда Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча жолугушууларын улантуунун зарылдыгына басым жасалган. Аталган делегациялардын кийинки сүйлөшүүлөрүн жакынкы аралыкта Кыргыз Республикасында өткөрүү пландаштырылууда.
"Тараптар Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек араны мыйзамдуу каттоонун аяктоосу эки өлкөнүн мамилелеринин бардык чөйрөлөрүндө оң таасирин тийгизет деген бирдиктүү пикирде болушту.
Өзгөчө эки тарап чек ара аймактарында элдин ортосундагы ишенимди бекемдөөнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти. Маданий иш-чараларды үзгүлтүксүз жүргүзүү тажрыйбасын жөнгө салуу, чек арага чектеш райондордо өткөрүлүүчү концерттерге жана фестивалдарга өз ара катышуу, анын ичинде билим берүү, спорт, туризм, этникалык азчылыктарды өз ара колдоо чөйрөсүндөгү кызматташууну активдештирүү тууралуу макулдашууга жетишилди", - деп айтылат жолугушуу тууралуу мекеменин тараткан маалыматында.
Андан ары министр Руслан Казакбаев Тажикстандын укук коргоо органдары тарабынан жүргүзүлүүчү Лахш (мурунку Жергетал району) аймагында убактылуу же туруктуу жашаган Кыргыз өлкөсүнүн жарандарынын документтерин күтүүсүздөн текшерүүлөр боюнча келип түшкөн маалыматтарга тынчсыздануусун билдирген.
"Бул текшерүүлөрдүн натыйжасында, Кыргыз жарандарына Тажик жарандыгын калыбына келтирүү же өлкөдөн чыгып кетүү талаптары коюлууда. Кыргыз тарабы кыргыз мекендештердин укуктук статусун бузуудан алыс болуп, бул ишти мындан ары Тажикстандын эмгек жана миграция мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүргүзүүнү өтүндү", - деп кошумчаланат маалыматта.