"Бакыт тынчтыкты сүйөт экен, баламдын атасын качан ачыктайм белгисиз" дейт Гүлжайна Атаканова

Белгилүү куудул, ырчы Гүлжайна Атаканова учурда кош бойлуу. Ал экинчи ирет эне болуу бактысын күтүүдө. Бирок жолдошун эл көзүнөн жашырып, ачыкка чыгарбай келет. "Бакыт дагы, байлык дагы тынчтыкты сүйөт экен" деген ырчы айым бизге төмөнкүлөрдү айтып берди.

"Жолдошумду Кудай буйруган күнү тааныштырам. Мен баягы сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет болуп калгам. Баарын эле мына деп жар салып жибергим келбейт. Белгилүү ырчы Гүлжигит Сатыбеков акем үч балалуу болгонго чейин турмушун жарыя кылган жок. Бул аябай жакшы экен. Бакыт дагы, байлык дагы тынчтыкты сүйөт экен. Башкысы өзүм билем, баламдын атасы билет. Анан мен аны ачыкка чыгарып, андай-мындай кылып жибергенден алысмын",- дейт Атаканова.

Гүлжайна Атаканова: “Көп эле нерсени бартердик негизде алдым“
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Belek1710
2021-04-02 20:46:46
Ачык да өзүңө, ким менен болсоң бактылуу бол, бизге не шам.
+8
zhazgul98
2021-04-02 20:49:35
Азаматсын Гулжайна. Сендей муноозу бекем айымдар коп болсун.
+1
bond02
2021-04-02 22:06:28
Силер эмес озум да билбей жатам десен, баланын атасы ким экенин.
+12
KaGaH
2021-04-03 02:31:03
Чачын жайып сулуу болуп жүрсүн кыздар деп комментарий жазган бирөө бар беле бизде?))
+3
Aiymkunumjyldyzym
2021-04-03 23:36:50
KaGaH,Ошол жок го негедир
+1
Nina.alex
2021-04-03 08:20:27
Ичи жасалма экени билинип турат
-1
Nina.alex
2021-04-03 08:21:03
Откондоле гастролдо ичи жок жаргон, тобоо
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан