Ырчы Токтобүбү Черикчиева Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамын алды. Сыйлык бүгүн, 2-апрелде президент Садыр Жапаров тарабынан тапшырылды.
Ырчыны наамы менен куттуктап байланышканыбызда сыйлыкты апасына арнай турганын айтат.
"Бүгүн наам алып жатканыма абдан кубанып жатам. Сыйлыкты апама арнайм, азыр аны эстеп, көзүмө жаш алып турам. Анткени апам мени музыкалык мектепке алып барып, кийин балдарымды багып, керек болсо мени кошо багып жүрдү. Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамын апамдын көзү тирүүсүндө алсам жакшы болмок. Наам алгандан кийин жакындарым менен майлап отурабыз", - деди ал.
Буга чейин ырчынын 50 жылдык юбилей концертинде Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамын ыйгарууну пландалганын министрликтин өкүлдөрү айтышкан. Бирок концертте наам тапшырылбай, муну түзүлгөн комиссия сыйлык ала тургандардын саны көп экен деп кыскартып койгондугу менен түшүндүргөн.
Токтобүбү Черикчиева "Жалгыздыктан жадап бүттүм", "Колукту", "Сүйүүңдү сүртүп кеттиң", "Сүйгөн жар", "Жолугарым билгенмин" жана башка ырларды жеткиликтүү аткарып, көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө айланган.