Белгилүү куудул, ырчы Гүлжайна Атаканова жаңы үй алып SUPER.KG порталы анын ак өргөөсү менен таанышып, акыркы жаңылыктарын угуп келдик.
"Жыйырма жети жашымда жер тилкесин, 30 жашымда унаа алдым. Анан 30-32 жашымда өзүм батирде турсам да ата-энеме айылга эки кабаттуу үй салып бергем. Жакшы нерсени ата-энем биринчи көрсүн дедим. Ал эми бул үйүмдү чыгармачылыктан тапкан каражатка алган жокмун. Ал жактан тапкан акча кээде өзүнүн чыгымын өзү жаппай калат. Ак өргөөмдү башка эле бизнестеримден тапкан акчага алдым. Үйдү эки, үч жыл мурда алмакмын. Ортодон жол тандабас айдайм деп, планым артка жылып кетти. Ошентип Кудай буюруп үйгө 2020-жылы жеттим", - дейт Атаканова.