Манасчы Дөөлөт Сыдыков, ырчы Кубаныч Сатаев президенттик сыйлык алышты

Белгилүү манасчы Дөөлөт Сыдыков президенттик Ардак грамота менен сыйланды. Ал 2-3 жыл мурда эле Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамына көрсөтүлүп келген.

"Ийгиликтин артында эмгек болот. Ошол эмгек бааланып, бүгүн президенттик Ардак грамота алып отурам", - деди ал.

Мындан тышкары Ардак грамота алгандардын арасында ырчылар Лира Райымбекова жана Кубаныч Сатаев дагы бар.

Бүгүн, 2-апрелде 125 адамга мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды. Алардын арасында дарыгерлер, мугалимдер, спорт машыктыруучулары, журналисттер, маданият ишмерлери, ишкерлер жана башкалар бар. Салтанаттуу иш-чарага өлкө башчы Садыр Жапаров катышты.

Мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо тууралуу жарлыктарга 2020-жылдын август айында кол коюлган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан