Буга чейин Бишкекте 6 жаштагы бала көп кабаттуу үйдүн терезесинен кулап кеткени маалымдалган. Милиция SUPER.KG порталына окуянын чоо-жайын билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 2-апрелде болжол менен саат 10:42 чамасында 102 кызматына көп кабаттуу үйдүн терезесинен бала кулап кетти деген маалымат келип түшкөн.
"Маалыматты тактоо үчүн айтылган дарекке Ленин РИИБинин кызматкерлери барганда 2015-жылы туулган бала көп кабаттуу үйдүн 3-кабатынан кулап кеткени аныкталган. Кызматкерлер "Тез жардам" кызматын чакырып, балага биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн. Андан соң бала №3 шаардык балдар ооруканасына жеткирилген.
Алдын ала маалыматтар боюнча бала үйдө жалгыз болгон. Дарыгерлердин айтымында, кулап кеткен баланын денесинде сыныктар жок. Учурда абалы туруктуу, дарылануусун улантууда. Тергөө иштери жүрүп жатат", - деп билдиришти Ленин РИИБинин маалымат кызматынан.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине, 150-берене "коркунучта калтыруу" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.