Ош шаарында 15-октябрь - Курман айт күнү жол кайгуул кызматкерлери күчөтүлгөн режимде иштешти. Бул күнү шаарда мас абалында унаа айдап жүргөн 5 айдоочу кармалды. Ошондой эле 90 айдоочу жол эрежесин бузгандыгы үчүн токтотулуп, тиешелүү чаралар көрүлгөнүн Ош шаардык ички иштер башкармалыгы билдирди. 12 автоунаа айып аянтчасына токтотулду.