ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан баңгизаттарды ташуу жана сатуу менен алектенген туруктуу улуттар аралык каналын түзүп алган баңгилик топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюшту. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жакында аталган кызматка ыкчам издөө башкармалыгынын кызматкерлерине 40-45 жаштагы жаран Бишкек жана Чүй облусунун аймактарына баңгизаттарды ташуу менен алектенип жүрөт деген ыкчам маалымат келип түшкөн. Алынган маалымат боюнча текшерүү жүргүзүүдө милиция кызматкерлер шектүүлөрдү аныкташкан.
Аталган факты "баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо" белгилери менен катталган.
Жүргүзүлгөн мындан аркы тергөө амалдарынын жана ыкчам иш-чараларынын натыйжасында, кызматкерлер тарабынан Өзбекстан Республикасынын 1974-жылы туулган Б.О. жана бир нече жолу соттолгон 1974-жылы туулган М.А. аттуу жарандары кармалган. Алынган маалыматтарга ылайык, ал ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары каттоодо турат.
Тинтүү жүргүзүү учурунда шектүүнүн жашаган үйүнөн атайын жабдылган көмүскө жай табылып, ал жайдан беш даана таңгакталган 7 килограмм 500 граммды түзгөн гашиш баңги заты алынган.
Аталган факты боюнча жүргүзүлгөн сотко чейинки өндүрүш ишинини алкагында бул кылмышка тиешеси бар башка жактарды аныктоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары улантылууда.