Жоокерлер менен бирге тамактанып. Президент Садыр Жапаров "Коопсуздук-2021" аскердик машыгууларынын жүрүшүнө көз салды

Президент Садыр Жапаров "Коопсуздук-2021" жана "Калыптандыруу Түштүк-2021" аскердик машыгууларынын жүрүшүнө көз салды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Президент, өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн башкы кол башчысы Садыр Жапаров 3-апрелде Баткен облусундагы Бужум аскер полигонуна келди. Мамлекет башчысы "Коопсуздук-2021" жана "Калыптандыруу Түштүк-2021" командалык-штабдык жана мобилизациялык машыгуулардын жыйынтыктоочу фазасына көз салды.
Өлкөнүн коргоо министри Таалайбек Өмүралиев мамлекет башчысына 1-апрелден 3-апрелге чейин Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймагында өткөрүлгөн машыгуулардын максаттары менен алардын жүрүшү жөнүндө маалымат берди.
Коргоо министрлигинин күчү жана каражаты менен өткөрүлгөн машыгуулардын активдүү фазасында республиканын аймагына басып кирген мыйзамсыз куралдуу топторго бөгөт коюу жана аларды жок кылуу боюнча атайын биргелешкен операция жүргүзүлдү, резервдеги роталарды иш жүзүндө мобилизациялоо менен согуштук жана өзгөчө абал киргизилген шарттарда кырдаалды турукташтыруу боюнча тапшырмалар иштелип чыкты. Баткен шаарынын, Баткен жана Лейлек райондорунун запастагы роталары менен согуштук ок атуулар жүргүзүлдү.
Ошондой эле машыгуулардын сценарийине ылайык, коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүнүн алкагында, эпидемияга каршы иш-чараларды өткөрүү менен 2-деңгээлдеги аскердик талаа госпиталы ачылды. Стратегиялык объектилердин коопсуздугун камсыздоо жана коргоо иши уюштурулду, резервдеги бөлүктөр тарабынан блокпосттор орнотулду, согуштук иш-аракеттер жүрө турган аймактан жарандарды эвакуациялоо, иргөөчү пункттар менен качкындарды убактылуу жайгаштыра турган пункттарды ачуу иштери көрсөтүлдү.
"Коопсуздук-2021" жана "Калыптандыруу Түштүк-2021" биргелешкен командалык-штабдык мобилизациялык машыгууларга 2 миңден ашуун аскер кызматкери, 100гө жакын унаа бирдиги, брондолгон жана атайын техникалар, 20га чейинки артиллериялык тутум жана 10го чейинки авиатехника бирдиги тартылды.
Мындай иш-чаралар өлкөнүн Коргоо министрлиги тарабынан жыл сайын республиканын ар кайсы облустарында өткөрүлүп турат.
Машыгуулар аяктагандан кийин президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысы Эрлис Тердикбаевге генерал-майор пагонун, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Субаналиевге мамлекеттик жарандык кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси чининин күбөлүгүн, Коопсуздук кеңешинин катчысы Рыскелди Мусаевге мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси чининин күбөлүгүн салтанаттуу түрдө тапшырды. Ошондой эле башкы кол башчыдан бир катар аскер кызматчылары энчилүү сааттарды жана алкыштарды алышты. Мындан сырткары Садыр Жапаров Коргоо министрлигинин 30-630 аскер бөлүгүнө президенттин резервдик фондунан бөлүнгөн 600 миң сомдун сертификатын берди.
Андан соң машыгуунун катышуучуларынын салтанаттуу жүрүшү болду.
Иш-чарага Орусия, Казакстан, Беларусь, Тажикстан, Улуу Британия, Пакистандын аскер атташелери дагы чакырылган.
Мамлекет башчысы өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн аскер формаларынын, экипировкасынын, жарак-жабдыктарынын, курал-жарактарынын жана аскердик техникасынын үлгүлөрү менен таанышып, аскер госпиталын көрүп чыгып, Баткен районунун өзүнчө резервдик ротасынын өздүк курамы менен жолугушту. Мындан сырткары Садыр Жапаров аскер кызматкерлери менен талаа ашканасында түштөнүп, аскердик кызмат өтөп жаткандардын шарттарын сурап, аларды кызыктырган суроолорго жооп берди.
Ошону менен бирге Президент Садыр Жапаров күч жана аскер түзүмдөрүнүн, ошондой эле жергиликтүү бийлик жетекчилери менен чакан кеңешме өткөрдү.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
aliya-leyla
2021-04-04 09:31:06
Ошто ошого вертолеттор учур калган экен да
+3
Asmat84
2021-04-04 09:41:33
Бар экенсиңер го
+4
Rusbayastan
2021-04-04 09:59:43
Кычыктан жида келтирип тартыпсынар да
-4
akmanai
2021-04-04 10:26:05
Элдин арасында эл уулу болуп журо бериниз.
+5
make2
2021-04-04 11:05:28
Эл жумушу жок кыйналып олтурат, Россияга кетели десе билет 50000, продукта асманга чыкты,а булар тескери иш кылып окмоттун акчасын талаага атып жатат, азыр кереги жок эле
-12
Djumahmatov
2021-04-04 13:14:21
make2,курсагыны Гана ойлогон акмак олбостун ырыскысы кыйылбас жер астына кирбесен ырыскын тыйылбайт кам санаба бул таджиктер менен талаш тартыш болуп жатканда Кыргызстан оз кучун корсотуусу зарыл
+6
Djumahmatov
2021-04-04 13:15:33
make2, наалыгандар селер торолгонунорго дагы нааразысынар
+6
munarbek.92
2021-04-04 16:35:18
make2,эгер согуш бпшталып кетсе россияга барыштын кимге кереги бар бул согушка даярдык
-1
Zumrudianka
2021-04-04 16:58:42
munarbek.92,Аллахым Журтубузга тынышчылык жана бакубат жашоо берсин Кызгызстаныбыз онугуп оссун Садыр Нуркожоевич себеп болуп. Ушунчалык суйунуп сыймыктанам жылдыздуу ыймандуу ажону Аллахым бизге насип кылганына
+1
Nursul
2021-04-04 21:25:50
munarbek.92, кой э Кудай сактасын согуштан. Коркоктор согуш болуп атса качышат.
0
Tyty1990
2021-04-04 12:43:30
Абдылда Иманкулов айткандай 40 танктан 2 от алды,бирөө Баткенге барып өчүп калды
-4
portugalia
2021-04-04 12:52:06
Оркундой берсин Кыргызстаным!
+3
Ozgocho111
2021-04-04 13:54:14
Жакшы,, аскерлер да ошол куну даамдуу тамак жешти да,,,(тамаша)
+9
Baha.A
2021-04-04 16:12:42
Ozgocho111,))) жылмайттың
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан