Орусиянын Красноярск крайында Кыргызстандын жараны 13 жаштагы баланын өлүмүнө жана тоноочулук кылмышына шектелүүдө. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жарыялашты. Маалыматка таянсак, кармалган жаран таанышынын үйүнө барып 13 жаштагы баласын өлтүрүп, үйүнөн 141 миң рубль менен 1 800 доллар акчаны алып, кылмыш изин жашыруу үчүн үйгө өрт коюп качып кеткен. Шектүү жаран 11-октябрь күнү полиция тарабынан кармалды. Учурда бул факты боюнча тергөө бүтүп, материалдар Красноярск крайынын сотуна өткөрүлгөнү жана ал 20 жыл же өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн экендиги айтылууда.