Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова бүгүн, 4-апрелде кош майрамды белгилеп, той өткөрүүдө. Ырчы саналуу күндөн кийин орун ала турган туулган күнү менен сахнага кадам таштаганына 10 жыл болгонун белгилеп, чоң той өткөрүүдө. Салтанат Ош шаарындагы тойканалардын биринде өтүүдө.
Тойго шоу-бизнес, маданияттын белгилүүлөрү, ырчынын жакындары, курбулары, ошондой эле башка өлкөлөрдөн дагы келип конок болушууда.
Самара айым тойду "30 жаш" аталышындагы жаңы ыры менен ачат. Учурда меймандар жайгашууда. Тойдогу алып баруучулук тизгинди Асан Ибраев аркалоодо.
Самара Каримова 1991-жылы 10-апрелде Лейлек районунун Өзгөрүш айылында туулган. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин актёрлук бөлүмүндө 2 жыл окуп, турмушка чыкканына байланыштуу Ош шаарына которулган. Ырчынын репертуарында 30дан ашык ыры, 10го жакын клиби бар. "Супер-Инфо" гезитинин версиясы боюнча, Самара Каримова "2014-жылдын супер дебюту" наамынын ээси болгон.
2011-жылы музыкант, Ош драма театрынын жетекчиси Асан Мансуровго турмушка чыгып, үч балалуу болушкан. Улуусу Барсбек 2012-жылы, кызы Даткайым 2013-жылы, кичүү уулу Алихан 2015-жылы төрөлгөн.