3 бөлмөлүү батир, ардактуу атуул... Самара Каримованын туулган күнүндө тартууланган белектер

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримовага курулуш компаниялардын бири 3 бөлмөлүү батир тартуулады. Ырчы бүгүн, 4-апрелде Ош шаарында 30 жашын жана сахнадагы 10 жылдыгын белгилеп, той өткөрүүдө.

Ырчыны туулган күнү менен куттуктап өлкөнүн ар кайсы дубанынан, ал тургай чет өлкөдөн дагы меймандар келишти.

Тойго келген меймандар ырчыга, анын үй-бүлөсүнө каалоо-тилек айтышып, белектерин тартуулады. Жергиликтүү курулуш компанияларынын бири ырчыга 3 бөлмөлүү батирдин сертификатын тапшырды. Ал эми Лейлек районунун администрациясы Самара Каримова көптөгөн кайрымдуулук иштерин жасап келерин белгилеп, райондун "Ардактуу атуулу" наамын ыйгарды.

Самара Каримованын чыгармачылыктан тапкан курбулары Малайзияга эс алууга жолдомо тартуулай турганын белгиледи.

Самара Каримова 30 жашын белгилеп той берди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
JaneEr
2021-04-04 21:00:55
Мага дагы квартира белек кылгылачы)))
+16
Apyn8793
2021-04-04 21:18:36
Уй сатып алып тоюмда сертификатын тапшырып койгулачы деп жасалган экен. Азыркы заманда ким эле уйду белекке бере койсун, А[moderated]си же озу чон кызматта иштесе бир жон. Мактанычтын, жасалмалулуктун да чеги болот.
+17
zhazgul98
2021-04-04 21:23:59
Ишине ийгилик. Сиздин чачыңыз, кирпигиңиз, көздөрүңүз жарашыктуу жана ушунчалык кемчиликсиз экен! Кыздар дайыма жасанып бакыттын жана кубанычтын нурун тартуулай бергиле.
-10
Aijaw97
2021-04-04 23:43:57
zhazgul98,качан караба ушундай комментарий деги бул кыз кишиби же эркекпи
+6
munarbek.92
2021-04-05 00:00:15
Aijaw97,самараны 80-уровенге которуп салган эмеспи
+1
munarbek.92
2021-04-04 23:59:47
zhazgul98,кемчиликсиз бир гана Аллах Таала ал эч нерсеге муктаж эмес Аллах Таала баардык нерседен ааруу таза зат
+6
bond02
2021-04-04 21:24:29
Кой уктагыла, бугун Супер инфого Самарадан башка жанылык чыкчудай эмес.
+18
erkeleim
2021-04-04 22:15:25
bond02,3 кун 3тун ушуну жазышат эми. Кара ашына чакыргансып баарын кара кийинтиптир
+11
Jelezo
2021-04-04 22:07:33
Азыркы кыргыздар көрө албас оозунан жакшы сөз чыкпаган элге айландык,жок дегенде ден соолук узун өмүр тилеп койсоңор тыйыныңар короп калабы.
-5
munarbek.92
2021-04-05 00:04:31
Ушу ж...пга уй белек кылганча бир бечарага белек кылбайбы
+9
Aiymkunumjyldyzym
2021-04-05 00:22:19
Менин деле алысыраак эжем куйоого тийээрде Москвада 10жыл иштеп Озерныйга уй салган.Анан ошону менин свадьбамда ключун бересинер деп айткан.Самараныкы деле ошондой же 50%толоп реклама кылып алды да.Элестеткиле,жон эле келип бир фирма бир ырчыга ушинтип тапшыра бермек беле
+11
noeli
2021-04-05 00:58:39
Корбогондун көргөнү курусун!
+5
Gulina90
2021-04-05 09:08:28
Кайсы компания экен толук айтпаптырго.Жалган эле үй бергени.Бети жаман калың экен кантип эле үй бере калсын.Ардактуу атуул наамын ким берди ушуга.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан