Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова 30 жашын жана сахнадагы 10 жылдыгын белгилеп, той өткөрүүдө. Ырчы туулган күнүн белгилөөнү жолдошу Асан Мансуров демилгелеп чыкканын айтып, буларга токтолду.
"Негизи туулган күнүмдү тар чөйрөдө белгилейин деп ойлогом. Бирок жолдошум "сен деген эл адамысың, элдин кызысың" деп ушул салтанатты уюштуруп берди. Бул үчүн чоң рахматымды айтам. Анан дагы өмүрлүк жарым идеяларга бай адам. Бүгүнкү кечеде кийип чыккан 3 формамды атайын буюртма менен тиктириптир.
Менимче, жашоодогу эң сонун жашым эми башталды деп ойлойм. 30 жашым дагы эки эсе көп ийгилик, чыгармачылык өсүү, энелик бакытты алып келет деп ойлойм. 30 жашымда жолдошум, 3 балам, ушундай туугандарым, жакындарым, курбуларым, күйөрмандарым бар", - деди ырчы.