Ош облусунда 4-апрелде жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 4-апрель күнү саат саат 10:26да Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айылында - 2,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.