"Биринчи эле кыздарымды ойлодум". Ырчы Анжелика коронавирус илдетин жуктуруп алды

Ырчы Анжелика Кайратова коронавируска кабылды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы өздүк баракчасы аркылуу билдирди.

Ырчы COVID-19га алгачкы ирет кабылганын, кыздары, жакындары үчүн кабатырланганын айткан.

"Эртең менен тиш пастанын даамын, андан кийин атырдын жытын сезбей калдым. Шоколад жесем оозумда пластилин жүргөндөй болду. Дароо тест тапшырдым. Көп өтпөй коронавируска кабылганым билинди. Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматынын адистери үйдү дезинфекциялап, компьютердик томографиядан өтүшүм керектигин айтышты. Дене табым көтөрүлгөн жок, жөтөлүм дары ичерим менен жоголду. Коронавирус менен ооруп, айыккан тааныштарым чалып, маанайымды көтөрүштү. Алар ооруну көп ойлонбой, катуу ырдап, бийлеп, жакшы маанай менен гана доктурлардын көзөмөлүндө жеңип кетеримди айтышты", - деп жазган ырчы.

Ошондой эл ал элдин санитардык норманы сактабай жатканын жана өзү тууралуу социалдык тармактар аркылуу кабарлап турарын кошумчалаган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
zhazgul98
2021-04-05 10:41:17
Үмүт сенин башкы куралың.Сенин укмуштай оптимизмдин, күчтүү эркиң, күчтүү мүнөзүң, күчтүү мамилең жана бардык медициналык сунуштарды так аткарууга умтулуунун артынан жаман оору дароо артка кетсин! Ооруп жатканын абдан кайгылуу, жана сенин кайгыңды көргүбүз келбейт, андыктан тезирээк айыгып кет!
0
munarbek.92
2021-04-05 10:46:51
Санта барбара дагы деле экрандарда урматтуу комментарий жазгандар мен тан калбай калдым 2021-жылды самара менен анжеликанын жылы десек деле болот бул экоо туураалу сериал тартса деле болчудай эпизодторго жазгул98 мирлан дагы бироосу бар ошолордун чачын жайдырып кошуп койуш керек ошол
+10
Baktikan
2021-04-05 10:52:23
munarbek.92,Sizdi alarga ~irchilarga sinchi dep koshup koyush kerek
-3
zhazgul98
2021-04-05 11:00:32
munarbek.92,Адеп ахлакты жамынып алып кыздардын жеке жашоосун кысымга алып, жамандаганды токтоткула. Эркектер тамеки чегип, насвай оозунан кетпей журсо, аларды эч ким кысымга алган жок. Анжеликанын ийгилиги, күчтүү мүнөзү, күчтүү эрки көбүнчө жаман ушактын булагы болуп жатат.
-2
munarbek.92
2021-04-05 10:49:29
Ырдап бийлесен коронавирус айыгат Адамдар ковидке жаны даары табылды аптекага кайрылбай эле анжеликага кайрылгыла
-2
Aimani
2021-04-05 10:53:34
Тезирээк сакайып кетсин.эч ким оорубасын!
+8
bond02
2021-04-05 11:27:48
Кечээ Самара бугун Анжелика эртен ким?
+4
erkeleim
2021-04-05 11:30:13
Анжеликаганын бир созуно экинчи созу дал келбегенин жазып блоктон башым чыкчу эмес. Авария болду деген куну тушумдо бийик бийик ушунчалык бийик тоо кордум тооба устунда аял журуптур мага ал Анжелика деп жатышат..авариядан аман эсен чыгаткен десем бир эжем Анжелика сооп иштерди коп кылыптыр тоо анын берген зекеттери деп жооруп берди. Берген садакасы бул оорудан да шыпаа берсин
+5
Baktikan
2021-04-05 11:35:17
erkeleim,kechurip koyunuz plus basam dep tuura emes basilip ketiptir~kechirip koyunuz
0
Aza2100
2021-04-05 13:01:05
Элдин баарына ден соолук каалайм
+1
Noon
2021-04-05 15:37:52
Самара м-н Анжеликаны салыштырбагыла да. Айырмасы асман менен жердей. Анжелика өзү ооруп жатса да ооруканаларга барып, жардамга муктаж болгон оорулууларга жардам берип жүгүрүп жүрөт. Самара элди кууратып жатат. Инстага кирип Анжеликанын кылган сооп иштерин көрүп ыраазы болдум. Башында мен да жактырчу эмесмин
+2
Kona8631
2021-04-05 20:03:00
Ыйык микрофонунду алып ырдап бийлесен айыгасын
0
Gulina90
2021-04-05 21:56:15
Тооба эки аялга акыл,ыйман бере кор Аллахым ,пиардан алыс бол
+2
futboler
2021-04-06 10:01:32
Айыгып кетсин тезирээк, бирок, Самара Каримова менен Анжелика күндөн күнгө жакпай баратат элге. Менимче бул Самаранын элди тажаткан туулган күн концертине барбоонун амалындай сезилет.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан