Ысык-Көлдөн Бишкекке кыз ала качып келген жаран кармалды

Бишкек шаарында никеге туруу максатында адам уурдоого шектелген жаран аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-апрелде болжол менен саат 23:40 чамасында 102 кызматына эркине каршы кызды ала качып кетишкен деген маалымат келип түшкөн.

"Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери барып, маалыматты тактаганда 1996-жылы туулган кыз арыз менен кайрылган. Анда арыз ээсин эркине каршы чала тааныш жаран достору менен Ысык-Көлдөн никеге туруу максатында Бишкек шаарына ала качып келгенин жазган.

Кайгуул кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1999-жылы туулган жаран кармалып, Октябрь РИИБинин тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Бул факты боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды", - деп жазылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Hooligan
2021-04-05 12:32:38
Кыз 1996, бала 1999?
0
Гүлзина Каныбекова
2021-04-05 16:06:40
Hooligan, Ооба, кыз улуу экен.
0
zhazgul98
2021-04-05 13:44:51
Бардык өлгөн муундардын каада-салтынан көп учурда тирүүлөр зыян тартат.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан