Япония менен Кореянын курама командалары дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионатына катышуу үчүн келишти

Япония менен Кореянын командалары дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионатына катышуу үчүн келишти. Бул тууралуу Дзюдо федерациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдешти COVID-19 шартында өткөрүү протоколуна ылайык, ар бир командага өзүнчө транспорт, медициналык текшерүү, ПЦР тест жана 24 саат байкоо жүргүзүү шарты каралган.

Азия жана Океания чемпиондугу Бишкек шаарындагы "Газпром – балдарга" ден соолукту чыңдоо борборунда 6-апрелден 9-апрелге чейин өтөт. Бул мелдеш олимпиада оюндарына рейтингдик болуп эсептелет. Чемпиондукка 30дан ашык Азия мамлекеттеринен 400-500 спортчунун катышуусу пландаштырылып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан