«Газпром Кыргызстан» компаниясынын 4444 Call-борборунун иштөө шарттары алмашты
Өлкөнүн газ операторунун Бирдиктүү сурап-билүү кызматы күнү-түнү иштөө тартибине өттү. Мындан ары эми газдын көрсөткүчүн жөнөтүү, компаниянын кызматтары боюнча кеңеш алуу же арыз калтыруу маселелери боюнча жумуштан кийин, дем алыш же майрам күндөрү сурап-билүү кызматына кайрыла аласыз.
4444 номерине бардык мобилдик операторлорунан чалуу акысыз.
4444 номерине чалуу менен кайсы маселелерди чечсе болот:
ар бир айдын 15инен 30уна чейин газ эсептегичтин көрсөткүчүн жөнөтүү. Көрсөткүчтү тоналдык режимде же оператордун жообун күтүү менен берсе болот;
жаратылыш газына кошулуу шарттарын билүү;
маалыматты тактоо. Мисалы, чындыгында текшерүүчү «Газпром Кыргызстан» компаниясында иштей тургандыгын же подряддык уюм компаниянын өнөктөшү экендигин аныктоо;
компания өткөрүп жаткан акциялар тууралуу билүү жана ага кантип катышуу керектигин такоо;
сиздин район качан газдаштырыла тургандыгын билүү;
«Газпром Кыргызстан» компаниясынын башка дагы кызматтары боюнча кеңеш алуу;
кайсы бир кызматты жакшыртуу боюнча арыз же сунуш калтыруу.
Газ эсептегичтин көрсөткүчүн төмөнкү ыкмалар менен дагы жөнөтсө болот: