Ысык-Көлдүн курорттук аймагында жайгашкан 2 гектар аянтты ээлеген жер тилке мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, прокурордук текшерүүдө жер мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен Ысык-Көл райондук сотунун чечиминин негизинде, «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Ысык-Көл райондук филиалы тарабынан 2014-жылдын 3-ноябрында Ысык-Көл районунун Бает айылында жайгашкан 2 гектар жер тилкеси 49 жылдык мөөнөткө С.К. аттуу адамга убактылуу пайдалануу үчүн мамлекеттик акты берилгендиги аныкталган.
2020-жылдын 11-августунда райондук прокуратура тарабынан аталган соттун чечимине карата апелляциялык сунуш келтирилип, ал толук көлөмдө канааттандырылган.
"2021-жылдын 2-мартында орун алган мыйзам бузууну 31 миллион сомго бааланган жогорудагы жер тилкени мамлекеттин менчигине кайтаруу менен жоюп, жерди баштапкы абалына келтирүү максатында Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясына прокурордук талап келтирилген. Бүгүнкү күндө жогоруда аталган жер тилкеси толугу менен мамлекетке кайтарылып, белгиленген тартипте мурунку менчик ээсинин пайдалануу укугу токтотулду", - деп айтылат маалыматта.