Барскоон айылында кыргоолду көбөйтүү фермасы ачылды

Жети-Өгүз районунда "Кумтөр" компаниясынын каржылык колдоосу менен Ысык-Көл облусундагы биоартүрдүүлүктү сактоо долбоору ишке кирди.



"Central Asia Prospects" коомдук фондунун долбоору "Кумтөр" алтын кен компаниясынын каржылык колдоосу менен бөлүнгөн 3 миллион 844 миң сом гранттын негизинде ишке ашты. Аны менен катар бул долбоорго"Ата Журт Мурасы" коомдук фонду көптөн көп жардам көрсөттү. Аталган фонддун өкүлү, эколог Талант Шергазиев фермасында кызуу курулуш жүргүзүп жатканда Жети-Өгүз районундагы айылдардан 50 фермер эки күндүк тренингдерге катышышты. Аларга жапайы жаратылышта кенен жайылган канаттууларды багуу жана көбөйтүү боюнча практикалык сабактар өтүлдү. Тренингдин катышуучуларынын ичинен ону кыргоол багуу боюнча ферма ачууга гранттарды алышат. Ошондой эле тренингден өткөн ар бир айыл тургунуна алтыдан кыргоол, алгачкы айларга ылайыкталган жем берилет. Мындан тышкары канаттуулардын ал аймакка көнүп кетишине шарт түзүлүп берилет.

"Биздин максат - Ысык-Көл облусунун биоартүрдүүлүгүн сактоо боюнча туруктуу жана узак мөөнөттүү жашоого ылайыктуу долбоорду ишке ашыруу", - дейт "Ата Журт Мурасы" коомдук фондунун өкүлү Кундуз Дөлөтбакова.
"Бүгүнкү күндө дыйкандар айыл чарба тармагындагы жаңы багытка кызыгууларды артып жатканын көрүп жатабыз. Бул биздин божомолдор боюнча, экологиялык, экономикалык жактан оң натыйжаларды берет. Долбоордун шартына ылайык, жыл сайын жаратылышка 50дөн кыргоол чыгарылат. Убакыттын өтүшү менен кыргоолдордун санын көбөйтүү менен башка фермерлер дагы биоартүрдүүлүктү сактоого салым кошо алышат. Ошондой эле ресторандарга жана пансионаттарга мыйзамдуу түрдө жумуртка берүүдөн пайда табышат. Бул долбоордун авторлору жапайы жаратылышта кыргоолдорду көбөйтүп, ал эми браконьерликти азайтабыз деп үмүттөнүшөт", - деп билдирет Дөлөтбакова.

"Кыргоолдорду багууда жана аларды көбөйтүүдө эч кандай кыйынчылыктар жок" дейт фермер Талант Шергазиев, ал бул кыргоолдор долбоордун эң биринчи балапандары деп эсептейт. "Кыргоолдорду жүгөрү, буудай, арпа жана алма менен азыктандырам, капастарда ар дайым таза суу болушун көзөмөлдөп турам. Азырынча этин да, жумурткасын да сатпайбыз. Бардык аракеттер алардын санын көбөйтүүгө багытталган. Инкубатор кыргоолдун балапандарын 26 күндө басып чыгарат. Биринчи балапандарды апрелдин ортосуна чейин күтүп жатабыз", - деп кошумчалады Шергазиев.

Ал эми "Кумтөр" компаниясынын аймактык өкүлү Кеңешбек Дүйшембиев кыргоолду көбөйтүү долбоору боюнча төмөнкүлөргө токтолду: "Кыргоол - бул эркиндикти сүйгөн жапайы куш. Ал эч качан колго багууга көнбөйт. Ошондуктан буларды убагы келгенде коё бериш керек. Булардын жаратылышка эч кандай зыяны жок. Жети-Өгүз эли кыргоол бизнеси жаңы жана келечеги белгисиз бизнес болгонуна карабастан, уюштуруучулар бул ишкерликтин келечеги чоң деп ишенишет. Идеянын авторлору бул долбоорду пайдалуу деп эсептешет. Себеби бардык эсептөөлөр ишке киргизилгенге чейин жүргүзүлгөн. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын орнитологу "экологияга зыянсыздыгында да шек жок" деп бул аракеттерди жогору баалады".

Салттуу мал чарбачылыгына же өсүмдүк өстүрүүгө көнүп калган жергиликтүү дыйкандарга жаңы ишкерликке аракет кылуу кызыктуу болот, айрыкча көп тараптуу долбоор аймактын өнүгүүсү үчүн абдан маанилүү.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан