Бишкек шаарында бир апта ичинде 277 жол эрежелерин бузган чет өлкөлүк номерлүү унаалар аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 26-марттан 1-апрелге чейин бир жума аралыгында каттоо нөөмөтү өтүп кеткен, түзүлгөн протоколдор үчүн айып пулдарын өз убагында төлөбөгөн, ошондой эле ар кандай жол эрежесин бузган чет өлкөлүк жана транзиттик номерлүү 277 унааны аныктады.
"Алардын ичинен 62 - Орусияныкы, 9 - Арменияныкы, 11 - Азербайжандыкы, 180 - транзиттик номерлер, 15 жана башка чет өлкөлүк номурлуу унаалар. Булардын баарына бузуулар кодексинин беренелеринин негизинде тиешелүү протоколдор толтурулду. Анын ичинен 3 чет өлкөлүк унаалар ар кандай багытта жол эрежелерин бузгандыгы үчүн, убактылуу токтотуучу короо жайына киргизилди", - деп жазылат маалыматта.
Милициянын кайгуул кызматы коопсуз шаар долбоорунун алкагында коюлган видеокөзөмөлдөрдөн жашынып, же видеокөзөмөл жазбайт деген түшүнүк менен катуу ылдамдык менен айдаган айдоочуларга мындан ары да чара көрүү иштери улантыларын эскертет.