Жалал-Абад шаарында Апрель окуясы эскерилди (сүрөт)

Бүгүн, 6-апрелде Жалал-Абад шаарындагы "Эркиндик" аянтында Апрель окуясы эскерилди. Ага өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, мэр Эрнисбек Ормоков, мекеме-ишканалардын жамааттары жана тургундар катышкан. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан кабарлады.

"Иш-чарада гүлчамбар коюлуп, куран окулду. Андан сон театрлаштырылган көрүнүш чагылдырылып, эскерүү сөздөрү айтылды.

Калаа башчы 7-апрель окуясынан ар бир бийликтин бутагы сабак алып, мындай катачылыктарга жол берилбеши керектигин айтты. Бул күнү жаркын келечек үчүн жанын курмандыкка чалган ар бир баатырдын эмгеги унутулбай турганын баса белгиледи", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан