"Камактагы мүлктү мыйзамсыз чыгарып салган". Таластагы сот аткаруучуга карата кылмыш иши сотко жөнөтүлдү

Талас облусунда камактагы мүлктү мыйзамсыз чыгарып салган сот аткаруучуга карата өндүрүш иши сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Талас райондук сотунун 2014-жылдагы өкүмү менен М.К. аттуу жаран Жаза Кодексинин 171-беренеси "ыйгарылып берилген мүлктү сиңирип алуу же төлөмөр болуу" боюнча күнөөлүү деп табылып, жабырлануучуга 531 миң 400 сом төлөп берүүгө милдеттендирилип, жазык жоопкерчилигине тартуу мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу жазадан бошотулган.

"2015-жылдын январында Талас райондук соту тарабынан ушул эле райондун сот аткаруучулар кызмат бөлүмүнүн дарегине тийиштүү аткаруу барагы жиберилип, айыпталуучунун Талас районунда жайгашкан мүлкүнө камак салынып, андан кийин анын жашаган дареги боюнча аткаруу барагы Бишкек шаарынын Ленин районунун сотуна жиберилген.

Талас районунун сот аткаруучусу "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" мыйзамын бузуп, 2018-жылы жергиликтүү каттоо органына айыпталуучуга тийиштүү болгон мүлктү камактан чыгарып салуу жөнүндө мыйзамсыз кат жиберип, ошол эле күнү Талас районундагы кыймылсыз мүлктүн бирөөсү үчүнчү жакка сатылып кетип, жабырлануучуга болгон доону өндүрүүнү оордоткон.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Тергөөнүн жыйынтыгы менен Талас облустук прокуратурасы тарабынан Жазык Кодексинин 320-беренеси "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" боюнча кылмышты жасагандыгы тууралуу шектенүү жөнүндө кабарлама тапшырылган. Жогорудагы кызмат адамына карата айыптоо актысы бекитилип, кылмыш иши Талас шаарынын сотуна негизинен кароо үчүн жиберилди", - деп жазылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан