Алайда мал кайтарып жүрүп жоголгон 14 жаштагы баланы 100гө жакын адам издөөдө (видео)

Ош облусунун Алай районунда 2-апрель күнү Белекбаев айыл аймагындагы Терек айылында болжол менен саат 13:30да тоодон кар көчкү түшкөн. Ошол учурда 2007-жылы туулган бала мал карап жүрүп дайынсыз жоголгон.

Бүгүн, 6-апрелде аталган айылдын жергиликтүү 80дей тургуну ӨКМнын кызматкерлери менен бирге издөө иштерин жүргүзүп жатышканын SUPER.KG порталына жергиликтүү тургун билдирди.

Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, кечээ, 5-апрелде жалпы 30 куткаруучу жана ИИМден 10 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 70 адам тартылган. Саат 19:00дө издөө иштери убактылуу токтотулган. Натыйжа болгон эмес.

Бүгүн издөө иштери улантылууда.

Алайда мал кайтарып жүрүп жоголгон 14 жаштагы баланы 100гө жакын адам издөөдө
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Simels
2021-04-06 12:50:07
Тоонун чокусунан карап не кыласыңар?! Баргыла карды казышкыла, издегиле!
+2
Jaraisyn
2021-04-06 12:52:34
ӨКМ куткаруучулар эмне иш кылат, көчкүнү тазалай алчу мамлекетте дарамет жокпу. Кызык ата-энеси неге издөөнү токтоткон.
0
Janym_ata_enem
2021-04-06 13:47:05
Аман эсен табылып калса экен
0
Kombi
2021-04-06 15:43:05
Ата энеси токтоткула дебесе керек. Кар катту каза албайт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан