Баткен облусунда контрабандалык жүккө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 5-апрелде Лейлек районунда жайгашкан Партнер Нефть май куюучу жайынын кампасына тинтүү жүргүзүлдү. Кампанын аймагына тинтүү иштеринин жүрүшүндө, Опель Зафира үлгүсүндөгү жеңил унаа кармалып, анын салонунан жалпы көлөмү 900 литрлик цистерна табылган.
Кармалган унаа УКМКнын чек ара кызматынын "Кайрагач" өтөрүү пунктунун аскер кызматкерлерине жеткирилип, сактоого өткөрүлүп берилген.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 358-берене "Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Учурда УКМК тарабынан иштин фактылык жагдайларын жана бул ишке катышкан адамдарды аныктоого багытталган тергөө иш-чаралары улантылып жатканын кошумчалашты.