ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгү издөөдө жүргөн жарандарды кармады. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын март айында ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгү Москва шаарынын аймагында жашырынып жүргөн жарандарды аныктады.
"Иликтөө иштеринин натыйжасында мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Кыргыз жараны, Талас облусунда 1991-жылы туулган жаран кармалды. Ал Талас РИИБи тарабынан 204-берене "алдамчылык" менен катталган кылмыш иши боюнча 2020-жылдан бери издөөдө жүргөн. Кармалган жаран Москва шаарынын тергөө абагына киргизилип, экстрадициялоо тууралуу маселелер чечилип жатат.
Иш-чараларды улантууда дагы бир Кыргыз жараны, Ош облусунда 1977-жылы туулган жаран кармалды. Ал Өзгөн РИИБи тарабынан 204-берене "алдамчылык" боюнча кылмыш ишин жасагандыгы үчүн 2020-жылдан бери издөөдө жүргөн. Кармалган жаран Москва шаарынын тергөө абагына киргизилди.
Мындан сырткары, дагы бир Чүй облусунда 1993-жылы туулган жаран кармалды. Ал Сокулук РИИБи тарабынан Жазык кодексинин 161-берене "зордуктоо" боюнча көрсөтүлгөн кылмыш иши боюнча 2019-жылдан бери издөөдө жүргөн. Кармалган жаранды издөөгө алган тарапка маалымдама берилди.
Ошондой эле дагы бир Кыргыз жараны, Ысык-Көл облусунда 1981-жылы туулган жаран кармалды. Ал Бишкек шаарынын Свердлов РИИБи тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин "бейбаштык" боюнча көрсөтүлгөн кылмышты жасагандыгы үчүн 2001-жылы козголгон кылмыш иши боюнча издөөдө жүргөн. Издөөгө алган тарап кабарланды. Мындан тышкары "бейбаштыкка" шектелген дагы бир Талас облусунда 1977-жылы туулган жаран кармалды", - деп билдиришти ИИМден.
Жогоруда айтылган жарандар бул аралыкта Орусиянын аймагында жашырынып жүрүшкөн. Аларды компетенттүү органдарга өткөрүп берүү жана кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн тиешелүү маселелер чечилип жатканын кабарлашты.