Баткен облусуна аткезчилик жолу менен ташылып келген 12 тоннадан ашык мандарин жүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 6-апрелде Баткен облусунун Лейлек районунун 4 тургунуна таандык төрт Мерседес Спринтер унаасы токтотулган.
"Ал унааларды тинтүүдө коңшу мамлекеттен Кыргыз өлкөсүнүн базарларына сатуу үчүн алып келинген контрабандалык жүктөр табылып алынды. Алынган жүктүн жалпы көлөмү 12 тоннадан ашык болгон. Ал эми жүктүн жалпы суммасы болжолдуу түрдө 1 миллион сомдон ашык сумманы түзгөн. Тийиштүү документтердин жоктугунан товарларды алуу боюнча протоколдор түзүлүп, алынган товарлардын төлөнө турган бажы алымдарын белгилөө үчүн унаалар Баткен бажы терминалына киргизилди", - деп жазылат атайын кызматтын билдирүүсүндө.
УКМКдан аткезчиликке каршы күрөшүү боюнча күчөтүлгөн түрдө тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатканын кошумчалашты.